БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
УКМК: “Яндекс.Такси” компаниясына карата тергөө иштери жүрүп жатат
29-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ири өлчөмдө салыктан качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу “Яндекс.Такси” ишканасынын жана өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү жүргөнүн билдирди.
"Яндекс. Такси Корп жана анын өнөктөштөрү Монополияны жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, такси менен алектенген айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан. Буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат”, - деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.
Атайын кызмат кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн учурда мыйзамсыз иштерге катышы бар адамдарды аныктоо жүрүп жатканын кабарлады. Кызмат көрсөтүүдө бааларды жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертти.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 28-ноябрдагы жыйынында “Яндекс Таксинин” Кыргызстандагы ишмердигин сындаган болчу. Эл өкүлү компания такси кызматын көрсөтүп иштегендерден алына турган комиссияны жогорулатып жибергенинин айткан.
Депутат ага миңдеген такси айдоочулары кайрылганын айтып, алар компания башында 10% комиссия менен иш алып барса, учурда бул көрсөткүч 21%га жетип чыгашага иштеп жатканын бидирген.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat