БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: Жалал-Абадда жаштар арасында криминалдык кагылышууларды уюштуруп жүргөндөр кармалды

УКМК: Жалал-Абадда жаштар арасында криминалдык кагылышууларды уюштуруп жүргөндөр кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышууларды уюштурган эки адам кармалганын билдирди. Алар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүп, айрымдары Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу деп аталып алышкан. 

 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, алардын катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган. 20-октябрда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча кылмыш иши козгоп, анын алкагында, мурда ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган лидерлер З.у.Т. жана А.у.Н. кармалган.

Алардын автоунаалары жана жашаган жери тинтилип, натыйжада ок атуучу куралдар, ок-дары, беткаптар, ошондой эле граната табылган. Учурда бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдар изделип жатканы кабарланды. 

Автор: Т-Медиа > 355 статей