БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК Жалал-Абаддагы жарылууга байланыштуу мэриянын кызматкерлерин кармады

УКМК Жалал-Абаддагы жарылууга байланыштуу мэриянын кызматкерлерин кармады

Сүрөт интернеттен алынды

Жалал-Абад шаарында газ баллон жарылган окуяга байланыштуу мэриянын эки кызматкери жана соода күркөнүн ээси кармалды. Бул тууралуу  16-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка карганда, мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин жетекчиси менен айрым кызматкерлери муниципалдык жерлерди тийиштүү уруксат документтери жок эле колдонууга берген деп шек саналууда. Атайын кызмат алар бул ишти жогорку кызматтагы аткаминерлердин ортосундагы байланышка жамынып жасаганын  белгилеген.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка чиновниктерди аныктоо иши уланууда. Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү фактысын текшерүү үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү айтылды.

13-июлда эртең менен Жалал-Абад шаарында суусундук даярдоочу жайда газ баллон жарылган. Кырсыктан бир адам каза болуп, дагы төрт киши жараат алган. Окуядан кийин калаадагы кычкылтек жана газ баллон коюлган күркөөлөр текшерилген. 

Кыргызстанда газ баллондун жарылышынан улам адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да катталган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей