БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

УКМК: жеке менчик лабораториялар анализдердин баасын 30%га арзандатты

УКМК: жеке менчик лабораториялар анализдердин баасын 30%га арзандатты

Интернеттен алынды

Улуттук мамлекеттик коопсуздук комитети бир катар жеке менчик лабораториялар кызмат акысын 30%га арзандатарын кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын карапайым эл үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардын баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүп жаткан ишинин алкагында өлкөдөгү ири менчик медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөн. Анда "Интелмед" (Бонецкийдин лабораториясы), "Аквалаб", "Евролаб", "Гемотест", "Экспресс-Плюс", "Медикана", "Лазмед, "Гуман", "Интер-Лаб" (Инвитро), "Интермедикал" жана "Фарватер" компаниялары менен анализдердин баасын 30%га чейин төмөндөтүүнү макулдашылган. 

Ал эми реагенттерди жеткирүүчүлөр баасын 15% га чейин төмөндөтөт. "Юрфа" ЖЧКсынын жетекчилиги текшерүү томографиясынан өткөн бааны 20 пайызга чейин төмөндөтсө, "Интелмед" (Бонецкий лабораториясы) ЖЧКсы мамлекеттик медициналык мекемелерде дарыгердин жолдомосу менен барган бейтаптарга 50 пайызга чейин жеңилдетилген кызмат көрсөтө турган болгон. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей