БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек: сот Украинадагы согушка катышкан жаранды пробация менен бошотту

Бишкек: сот Украинадагы согушка катышкан жаранды пробация менен бошотту

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Украинадагы согушка катышкан" деген айып менен он жылга соттолгон Аскар Кубанычбек уулун жети жылга соттоп, үч жылдык пробациялык мөөнөт менен сот залынан бошотту.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин 416-беренеси "Жалданмачылык" менен кылмыш иши козголгон.

Эске салсак: былтыр 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 10 жылга соттогон. Апелляциялык арызды караган Бишкек шаардык соту 7-июнда ушул эле чечимди күчүндө калтырган. Өкүмдө Москвада жашап жүргөн кыргыз жараны 2022-жылдын июнь айында “материалдык пайда табуу үчүн” Орусиянын аскердик топторунун бирине кошулуп, Украинадагы согушка катышканы айтылат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул жаранды былтыр январда кармап камаган.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей