БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Укугун бузат". Бийликтин аз камсыз болгон жарандардын сүрөтүн жарыялоо демилгеси канчалык туура?

"Укугун бузат". Бийликтин аз камсыз болгон жарандардын сүрөтүн жарыялоо демилгеси канчалык туура?

Сүрөт интернеттен алынды

Эми кыргыз бийлиги аз камсыз болгондугу үчүн жөлөк пул алган жарандарды коомчулукка жарыялайт. Азыр 212 миң үй-бүлөнүн сүрөт, видеосу даярдалган. Бул маалыматты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 20-ноябрда парламенттин комитеттик жыйынында билдирди. 

Бул эмнеге керек?

Бийлик учурда өлкөдө колунда бар болсо да аз камсыз деген статуста жөлөк пул алып жаткандар көп деген ойдо. Аларды коомчулукка жарыялап, чыныгы жардамга муктаждарын ылгап алууну көздөп жатат. Акылбек Жапаровдун айтымында, учурда мындай практика Кытайда колдонулат. Бул жол менен жакырлардын саны боюнча статистиканы да азайтса болот. 

"Биздин эле жакыр. Бир жарым миллион машина бар. Бирок баары эле жакыр.  Дүйнөлүк банктын методологиясын карап эле "биз жаман экенбиз" дей бербей, ошол жолго (Кытайдын ыкмасы) өтүш керек болуп жатат. Кийинки жылы буюрса ошого өтөбүз. Азыр 212 миң үй-бүлөнү тактап, сүрөткө тартып бүтүрдүк. Ким "кедеймин" десе аны дагы сүрөткө тартып алабыз. Ким жөлөк пул алып жатса баарын телевидениеге жана компьютерге чыгарабыз. Үйү, унаасы менен "ушул киши жөлөк пул алып жатат" деп баарын кыргыз элине жарыялайлы деп жатабыз", - деди өкмөт башчы.  

Бул ачык эле дискриминация 

Юристтер бийликтин бул каалоосун адам укугун бузуу жана дискриминация катары баалап жатат. Маалыматтар жөлөк пул алгандардын, чындыгында колунда бар же жоктугун көрсөтүү үчүн жарыяланганы баарын бирдей коодуулоого алып келет. 

"Жарандардын сүрөтүн алардын уруксатысыз чыгарганга болбойт. (Аткаминерлердин сүрөтүн 24 саат болсо да чыгарганга боло берет) Биринчиден, дискриминация болуп жатат. Себеби алар уяткарабыз деген максат менен чыгарганы жатпайбы. Анан соттун эч кандай күнөөлүү деген чечими жок эле өз алдынча ыйгарым укугунан аша чаап кетип жатышат. Экинчиден, адамдын жеке кол тийбестиги. Мыйзамда бар да жарандардын сүрөтүн коомчулукка чыгарганга алардын макулдугу керек. Үчүнчүдөн, ар бир жөлөк пул алган жарандын жагдайы ар түрдүү болушу мүмкүн. Алардын баарын бирдей теңеп койгон болбойт", - деди юрист Асылбек Куңгуров.

Ал эми психологдор мындай ыкма менен адамды басынтып алуу коркунучу бардыгын белгилешти. Психолог Шолпан Мамытова бийликке башка жолдорду караштырып көрүүнү сунуштап жатат. 

"Аз камсыз адамдар өзүн жаман сезип, уялган адам болот. Аны аз камсыз деп элге жарыяласа, ал өзүн дагы да "менин ушундай экенимди бүт бардык адам билет" деп жаман сезет. Бул ошол чындыгында аз камсыз адамдар үчүн. Анан балдарына да психологиялык жактан кандайдыр таасирин тийгизет. Өзүнүн баалуулугун түшүрөт. Бул нерсе адамды ого бетер ылдый басат. Сезимталдуу адамдарга катуураак тиет. Массалык маалымат каражаттарына чыгарса, аны көрбөсө деле чыгарды деген ойдун өзү көп нерсеге алып келет. Мүмкүн арасында ал статуста болбосо дагы ошол жардамды алып жаткандар бар чыгаар", - деди психолог Шолпан Мамытова. 

Жөлөк пул алуу үчүн жашоо-шартыңыз кандай болушу керек?

Учурда Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөлөрдүн 16 жашка чыга элек ар бир баласына 1200 сом "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу берилет. Аны алуу үчүн үй-бүлөдөгү ар бир адамга айына 1000 сомдон аз киреше туура келиши керек. Ага маяна, стипендиялар, ишкерликтин кирешелери, айыл өкмөттөгү маалыматтын негизинде жерден, малдан түшкөн кирешелер эсептелет. Жөлөк пулду унаасы бар, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө төрттөн көп майда жандык туура келген жарандар ала албайт. 

Ал эми майда жандык төмөнкүдөй эсептелет:

  • 1 уй - алты майда жандык катары;
  • 1 кунаажын төрт майда жандык катары;
  • 1 өгүз алты майда жандык катары; 
  • 1 жылкы жети майда жандык катары; 
  • 1 бука сегиз майда жандык катары;
  • 1 торпок эки жарым майда жандык катары саналат. 

Мисалы, үй-бүлөңүздө төрт адам болсоңуз, бир уй (алты майда жандык), бир жылкыңыз (жети майда жандык) бар болсо, 13 майда жандыгы бар деп эсептелесиз. 

Ал төрт адамга (13 : 4 = 3,25) төрттөн туура келбейт. Демек, бул үй-бүлөдө автоунаа жок болсо, кирешелери ар бир адамга 1000 сомдон туура келбесе гана ай сайын 16 жашка чыга элек балдарына 1200 сомдон жөлөк пул алат. 

2023-жылдын башында "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 5,7%га кыскарганы кабарланган. Учурда 16 жашка чыга элек 339 миңдей бала жөлөк пул алып жатат. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей