БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Министр Ниязбеков 11 журналисттин кармалышы боюнча комментарий берди

Министр Ниязбеков 11 журналисттин кармалышы боюнча комментарий берди

Улан Ниязбеков

Ички иштер министри Улан Ниязбеков кармалган 11 журналисттерди "жалган маалыматтарды таратып жатат" деп айыптады. Ал өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин белгиледи. Бул тууралуу Ниязбеков 11-апрелде "Кабар" маалыматтык агентигине курган маегинде билдирди.

"Биз "журналисттербиз" деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да. Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, "биз журналистпиз" деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок".

Ниязбеков мындан сырткары кармалган журналисттердин ишинде эч кандай саясий себептер жок экенин кошумчалады.

"Булардын баары эле журналисттер эмес. Он биринен экөө гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок экен. Болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы, аны биз айта албайбыз", -дейт Ниязбеков.

 

Журналисттердин жапырт кармалышы

2024-жылдын 16-январынын таңында Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча Медианын", "Алга медиа" каналынын жана "ПолитКлиника" басылмасынын кармалган 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алган. Журналисттердин адвокаттары апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алардын арызы канааттандырылган эмес.

ИИМ "Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренесинин үчүнчү бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" менен иш козголгонун билдирген.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевди үй камагына чыгарган. Буга чейин "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына чыкса, медианын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиев эч кайда чыкпоо тууралуу тил кат менен бошотулган. Ошондой эле долбоордун кызматкери Сапарбек Акунбеков жана мурдагы кызматкер Жумабек Турдалиев да тил кат менен чыккан.

Азырынча Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианын" журналисти Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын журналисти Айке Бейшекеева камакта.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей