БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Улуттук банк онлайн насыя үчүн "ойлонуу мөөнөтүн" киргизүүнү сунуштоодо

Улуттук банк онлайн насыя үчүн "ойлонуу мөөнөтүн" киргизүүнү сунуштоодо

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук банк жарандар онлайн насыя алууда шылуундарга алданып калбоо үчүн атайын "ойлонуу мөөнөтүн" киргизүүнү сунуштап жатат. 

Долбоорго ылайык, банктарга насыя боюнча өтүнмө берилгенден тартып, акча кардардын эсебине которулганга чейин белгилүү бир убакыт өтүшү керек. Тактап айтканда, бул мөөнөттүн ичинде банк карыз алуучуга эч кандай каражат которо албайт. Мындай чаралар төмөндөгү шарттар менен сунушталууда:

Банктар үчүн:

50 миң сомго чейинки насыялар үчүн – 3 саат;

100 миң сомго чейин – 6 саат;

100 миң сомдон жогору насыялар үчүн – 24 саат.

Микрофинансылык уюмдар үчүн:

15 миң сомго чейинки насыялар үчүн – 3 саат;

15 миң сомдон жогору суммалар үчүн – 24 саат.

Мындан тышкары Улуттук банк "ойлонуу мөөнөтү" бүткөндөн кийин кардардын макулдугун тактоо үчүн банк кызматкери ага телефон чалуусун милдеттендирип жатат.

Акыркы учурларда интернетте шылуундук кылган, телефон чалып алдагандар көбөйгөнү айтылууда. Тиешелүү мамлекеттик органдар, мекемелер жарандар шектүү шилтемелерди ачпай, күмөндүү чалууларга ишенбөө зарылдыгын эскертип келет. Мындай схемалардан кантип жабыркаганын айтып берген каармандарыбыздын да маектери бар. Аларды "Т-Медианын" соцтармактагы баракчаларынан көрсөңүз болот. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 349 статей