БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Улуттук банктын төрагасына валюта курсунун туруксуздугунан улам сөгүш жарыяланды

Улуттук банктын төрагасына валюта курсунун туруксуздугунан улам сөгүш жарыяланды

Мелис Тургунбаев

Президент Садыр Жапаров Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Ал эми орун басарлары Манас Жакыпов менен Кайып Куленбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу 23-августта өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды

Тургунбаевге сөгүш жетекчилик курамды талаптагыдай координациялабаганы үчүн берилген. Кайып Куленбеков болсо өзү жазган арыздын негизинде бошотулган.  

"Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди. Бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты. Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды", - деп жазылган маалыматта.

42 жаштагы Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагалыгына ушул жылдын 26-июнда дайындалган. Бул кызматка келгенге чейин жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп эмгектенген.

 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей