БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Улуттук гвардиянын жоокери сабалып ооруканага түштү
Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жүргөн жоокер сабалып ооруканага түшкөн. Окуя 15-ноябрда болгон. Апасы Айнура Кыдырбаеванын "Т-Медиага" билдиришинче, уулун эки сержант камера жок кийим кургатуучу бөлмөдө токмоктошкон.
"Алар баламдан сейфтин ачкычын сурашыптыр. Аны өзүнүн сержанты дайындап "эч кимге бербе" деп айтыптыр. Балам "менде жок" дегенде аны кийим кургатуучу жайга алып кирип, жаткырып алып тепкилешиптир. Эртеси балам кан сийип баштаптыр", -деди Айнура Кыдырбаева.
Сабалган жоокер Эрик Шаршенбаев окуя болгон күндүн эртеси заарасынан кан чыгып жатканын көрүп, дарыгерге кайрылган. Беш күндөн кийин акыбалы оорлоп, аны Кой-Таштагы аскер госпиталына алып барышкан. 22-ноябрда Улуттук госпиталга жаткырышкан.
"Азыр ары-бери басканда бөйрөгүм ооруйт. Оң жагы көбүрөөк ооруп жатат. Жатканда да ооруйт. Заарамдан кан дагы деле чыгып атат. Келегенге чейин мындай окуялар болорун билген эмесмин. Желекке чыгам деген жакшы ой менен эле келгем да", -деди Шаршенбаев.
Ал ошондой эле Улуттук Гвадияда буга чейин да жоокерлерди ур-токмокко алган учурлар болгонун айтты.
Дарыгерлер Шаршенбаевдин абалын "орточо оор" деп баалап жатышат. Ага "Острый гломерулонефрит" диганозу коюлган. Учурда дарылардын айрымдары ооруканадан берилсе, калганы сатылып алынууда.
"Биз сабалганын (ред-жоокердин) төрт күндөн кийин билдик. Башында айткан эмес. Кийин диагнозу коюлгандан кийин урологдорго да жазылган. Азыр келгенине он күндөн ашты, абалы орточо оор. Шишиктер жок. Бирок заарасынын түсү өзгөргөн. Учурда урологдор менен бирге даарылоо жүрүп жатат", -деди дарыгер Искендер Рыскулов.
Окуя тууралуу Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди. Учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тергөөнүн материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген.
Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлар бар. Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелде Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктөгү жоокер сабалып Улуттук госпиталга жаткырылган. Коргоо министрлиги буга байланыштуу бир аскер кызматкери кармалганын билдирген.
Мындан сырткары ушул жылдын 22-январында Башкы прокуратура "Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн" деген шек менен Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызмат адамдарын кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.
6-феврада Каракол шаарындагы аскер бөлүгүндө иштеген фельдшер аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо жүрүп жатканын айтып чыккан. Анын кайрылуусунан кийин Башкы прокуратура үч аскер кызматкери менен бир ишкер камакка алынганын маалымдаган. Аларга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Кызматтык жасалмачылык", "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу" жана "Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Буга чейин "Т-Медиа" армияда зомбулукка кабылган жоокерлердин окуяларын анализ кылган.
Автор: Т-Медиа > 392 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat