БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камалды

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камалды

Жоомарт Карабаев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 19-августка чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 3-июлда чыгарганын "Т-Медиага" мекеменин басма сөз кызматынан тастыкташты. 

Жоомарт Карабаев 2-июлда УКМКга сураккачакырылгандан кийин кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси менен айыпталууда.

Буга чейин Карабаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды атайын кызматтын, Ички иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жоомарт Карабаевдин кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей