БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Кетмен-Төбөдөгү Токтогул Сатылгановдун үй-музейи. Сүрөт баян

Кетмен-Төбөдөгү Токтогул Сатылгановдун үй-музейи. Сүрөт баян

Сүрөт: t-media

Улуу акын Токтогул Сатылганов туулуп өскөн Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Чолпон-Ата айылында анын жашаган үйү сакталып турат. Андан анча алыс эмес жерде акындын таберик буюмдары коюлган музейи жайгашкан. Бул жайга өлкөнүн булуң-бурчунан залкар акынга куран окуп, зыярат кылып келгендер көп. Аймактагы журналисттер Сатылгановдун табериктери сакталган жайды көрүп, сүрөткө алып келишти.

Бул Токтогул Сатылганов атындагы мемориалдык үй-музейи. Мындан 34 жыл илгери акындын 125 жылдык мааракесине карата ачылган.

Музейдин кызматкери Гүлмира Осмонованын айтымында, бул жерде акынга таандык буюмдар, анын ичинде эки комузу таберик катары кийинки муунга мурас катары сакталууда.

Музей үч экспозициялык залдан турат. Биринчисинде Токтогул Сатылгановдун өмүр баянынан баштап, кийин сүргүнгө кеткени баяндалат. Ал эми экинчи залында сүргүндө жүргөндөгүсү, шакирттеринин эскермелери, үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Үчүнчү бөлүгү урпактары менен жыйынтыкталат.

"Музейде акындын кийген тону, эки комузу сакталып турат. Комузу чакан, анткени атты минип жүргөндө оңтойлуу болсун деп комузун колтугуна артып алчу экен. Бир комузун 1933-жылга чейин, көзү өткөнчө черткен. Ал эми экинчисин 1928-жылдарга чейин черткен. Кийин шакирти Эшимбек Толтоев дегенге белекке берип, ал кайра музейге өткөрүп берген  ", -дейт Осмонова. 

Ал эми бул улуу акындын үйү. Бул жер музейден эки чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Сатылганов мында 17 жыл жашаган. 

Токтогул Сатылгановдун оор тагдырын, көргөн азап-тозогун окурман журту жакшы билет. Токтогулдун энеси күйүтүнөн көзү көрбөй калган. Сүргүндөн кайтып келген соң Чолпон-Ата айылындагы Саз-Жийде деген аймакта энесине жолуккан. Акындын сөөгү ушул жерден чыкканы айтылат.

"Камыш төшөп, андан кийин ала кийиз, шырдактарын салганбыз. Төшөк-жууркан жыйылган текчелер, идиш-аяктарын койгон серванттардан башка эч нерсе жок. Терезеден ким каяка өткөнүн көрүп турчу. Ал эми буюмдар элден сатылып алынганы, чогултулуп алганы, андан тышкары Тарых музейинде сакталып, кайра бул жакта музейи ачылганда бизге өткөрүп берген буюмдар бар", -дейт музей кызматкери Гүлмира Осмонова.   

Акындын сөөгү айылдагы Узун-Акмат дарыясынын жээгинде коюлган. Бул мүрзөдө Токтогул акындын жакындары, шакирти Коргоол Досу уулунун да сөөгү жатат. Бул жайга өлкөнүн булуң-бурчунан кишилер келип, зыярат кылып, куран окуп кетишет экен. 

Төкмөлүктү өнөр тууралуу сөз болгондо адатта ири алды менен Токтогул Сатылгановдун ысымын эстейбиз. Анын артындай чоң рухий мурас калды – залкар күүлөрү, обондору, айтыш өнөрүнүн эң мыкты үлгүлөрүн жаратып кетти. Токтогул акын кара күүнүн да залкарлары болуп, көп өнөрдү бирдей ала жүргөн. Дастанчылык, төкмөлүк, комузчулукту аркалап, эзелтен бири-бирин улап келаткан көчтү жаңы заманга жеткирген, ошолордун мурасынын сакталып калышына зор салым кошкон залкар талант болгон. 

Автор: Т-Медиа > 378 макала