БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ош: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери дүйнө салды

Ош: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери дүйнө салды

Ош шаарынын мэриясынын расмий баракчасы

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев  99 жашында дүйнөдөн кайтты. 3-майда Ош шаарында аны акыркы сапарга узатуу аземи өтүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош аскер гарнизонунун, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунунун кызматкерлери катышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Салахидин Токтобаев 1925-жылы 10-июнда туулган. Ардагер 18 жаш курагында согушка аттанып, Белорус фронтунан Германияга чейин барып, 958- батольонунда кызмат өтөгөн. Согуштагы каармандыгы үчүн бир катар орден, медалдар менен сыйланган.

Согуш мезгилиндеги жаракатынан улам экинчи топтогу майыптык алган. Согуштан кийинки жылдары Ош пахта заводунда пенсия жашына чейин иштеген. Маркумдун артында төрт кызы, үч уулу, 28 небереси, 52 чебереси жана эки кыбырасы калды.

Учурда Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун бир жана оруктун беш ардагери жашайт.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей