БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ошто милиция кызматкерлери маңзат иши боюнча кармалды

Ошто милиция кызматкерлери маңзат иши боюнча кармалды

УКМК тараткан сүрөт

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 5-августта кабарлады. 

Шектүүлөр милициянын улук ыкчам кызматкери, майор жана милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант кызматындагылар болгон. 

УКМК алар кыздарды мажбурап, башка жарандардын унаасына же жеке буюмдарына баңгизатты атайлап салдырганын билдирди. Андан кийин ал жарандарды кармап, бирок кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттаган эмес. Акча талап кылуу үчүн ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан деп шектелип жатат. 

Бул факт боюнча "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдү тинтүүдө өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган 2 таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлгөн. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга  киргизилди.

УКМК бул кылмыш ишине тиешеси бар кызмат адамдарын иликтеп жатат. 

Автор: Осмонова Айдана > 620 статей