БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Уулум таза.” Жоробековдун апасы уулун бошотууну талап кылды

"Уулум таза.” Жоробековдун апасы уулун бошотууну талап кылды

Интернеттен алынды

Туунун өзгөрүүсүнө каршы чыккан жарандык активист Афтандил Жоробековдун апасы Бегайым Аккулова бийликке кайрылды. Анын видеокайрылуусу социалдык тармактардагы баракчасына жайгаштырылган.

 

Бегайым Аккулова өз кайрылуусунда уулу таза жаран экенин,  айрым мамлекеттик чиновниктер сыяктуу бюджетке колун салып, тендерлер аркылуу жеп-ичпегенин айтып, тез арада бошотулушун талап кылган.

“Уулумду ушул жылдын 7-декабрында “сен туунун өзгөрүшүнө каршы мыйзамсыз акция өткөрүп жатасың деп камап коюшту. Бирок, Афтандил мыйзам талаасында уруксат берилген Горький сейил багында тынч чогулуштарды өткөрүүгө уруксат сурап, мэрияга кат жөнөтпөдү беле? Ошол уруксаттар кайда кетти? Ошол күнү Афтандилди 24 саатка камап коюшуп, андан кийин үйгө органдын адамдары келип аябай чоң тинтүү жүргүзүшкөн. Анын бүт электрондук буюмдарын – ноутбук, компьютер, уюлдук телефондорун жана карталарын – өзүнө тешелүү бүт документ-кагаздарын алып барышып, чоң сумманы чыгарышып, баламды чоң кылмышкер катары көрсөтүүгө аракет кылышты. Бул уят да! Азыр Кыргызстанда канчалаган кылмышкерлер жашап жатышпайбы? Мыйзамсыз тендерлерди өткөзүп, акчаны уурдашып, жерлерди сатып, үйлөрдү куруп канчалаган чиновниктер ээн-эркин сайрандап жүрүшпөйбү? А менин уулум тендерге катыштыбы, жер саттыбы? Мамлекетке бир тыйын зыян келтирген эмес ”, - дейт Бегайым Аккулова.

Ал Афтандил Жоробеков өңдүү чет өлкөлөрдөн билимин өркүндөтүп келген жаштарга мамлекет запкы көрсөтпөй, тескерисинче, колдоого алышы керектигин белгилеген.

Афтандил Жоробеков 2-декабрда Кыргызстандын туусун өзгөртүүгө каршы автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок, укук коргоо органдары жүрүштү өткөрүүгө тоскоолдук жаратып, активистти суракка алышкан. Мындан тышкары, 9-декабрда Бишкектеги Горький паркында тынчтык митингин өткөрүүгө камынып жатканын да билдирип келген. Анын алдынан, 7-декабрда күч органдары аны кармап, “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып таккан. Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту жарандык активистти эки айга камакка алуу токтомун чыгарган.

Кыргызстанда туу коомчулуктун катуу каршылыгына карабай өзгөртүлдү. 20-декабрда Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" мыйзамды кабыл алган. 22-декабрда президент Садыр Жапаров мыйзамга кол коюп, ал 26-декабрда "Эркин Тоо" гезитине жарыялангандан тарта күчүнө кирди.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей