БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылагандарга мунапыс бербөө сунушталууда

Уюшкан кылмыштуу топторду каржылагандарга  мунапыс бербөө сунушталууда

Сүрөт интернеттен алынды

"Мунапыс берүү негиздери жана анын колдонуу тартиби жөнүндө"мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Аны депутат Эрнис Айдаралиев демилгелеп, 1-октябрда коомдук талкууга койгон

Анда террористтик ишти каржылоо, террордук иштерди жүзөгө ашырууга ачык чакырыктар, уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо, куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, диверсия кылмыштары үчүн мунапыс бербөө каралууда. 

Документте мыйзам долбоордун максаты Жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык келтирүү экендиги жазылган. 

Мунапыс берүү - бул гуманизм жана ырайымдуулук принцибин ишке ашыруу максатында жеке аныкталбаган адамдардын чөйрөсүнө тиешелүү болгон жана кылмыш жазасынан бошотууну караштырган, мыйзам түрүндө кабыл алынган мамлекеттик органдын актысы.

Автор: Осмонова Айдана > 649 статей