БАШКЫ БЕТ > Фактчек

Узундугу ар башка 500 сомдук купюралар тууралуу маалыматты текшеребиз

Узундугу ар башка 500 сомдук купюралар тууралуу маалыматты текшеребиз

«Т-Медианын» коллажы

Соцтармактарда узундугу  ар кандай болгон жаңы сериядагы эки 500 сомдук купюра кызуу талкуу жаратууда. Видеодон акчалардын узундугунда бир нече мм айырма бар экенин көрүүгө болот. Колдонуучулардын айрымдары купюраны жасалма деп шектенсе, кээ бирлери акча сапатсыз басылып чыкканын жазышкан. Купюраларды «Учкун»  басмаканасында чыгарып баштаганынан улам алар түрдүү өлчөмдө болгон деген пикирлер дагы айтылган.

 

 

Башкы банктын жообу

Улуттук банк сынгажаңы 500 сомдуктар боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин Оштогу өкүлү Жылдыз Үсөналиеванын айтымында, акчанын сапатсыз же жасалма экенин аныкташ үчүн анын түп нускалыгына экспертиза жүргүзүү керек. Эгерде сиздин колуңузга кокусунан шектүү банкнот түшүп калса, аны укук коргоо органдарына же Улуттук банкка алып келип беришиңиз керек. Экспертиза акысыз болот жана беш жумуш күн ичинде текшерилип берилет.

«Акчанын ээсине экспертизадан өтөрүү үчүн бизге алып келүүнү сунуштаганбыз. Себеби банкноталар атайын талапт кылынган сапатка жана өзгөчөлүктөргө дал келишин бир гана экспертизадан өткөрүү аркылуу далилдөөгө мүмкүн. Тилекке каршы, алып келген жок».

Мекеме ошондой эле улуттук валюта Кыргызстандагы бир да басмаканада басып чыгарылбай турганын эскертти. Банкноталар Европа өлкөлөрүнөн басылып келинет жана эл аралык стандарттарга ылайык жасалат. 

«Биздин өлөдө кыргыз сому басып чыгарылбайт. Европадан гана чыгат», -дейт Жылдыз Үсөналиева. 

Дүйнө жүзүндөгү банкноталар ар кайсы өлкөдө ар кандай өлчөмдө басылып чыгарылат. Эң башкы принцип – кагаз акча капчыкка батышы керек. Ачык булактардагы форумдарда украиналык гривна жана белорусиялык рублдын узундуктары 1-2 мм айырмаланган учурлар буга чейин талкууга алынган.

Дүйнө жүзүндөгү эң кызыктуу фактылар тууралуу сюжеттерди даярдаган tophype аттуу Ютуб-каналда доллар жана башка валюталардын  мисалында банкноталарды басып чыгаруу туурасында айтылат. Анда купюралардын сүрөттөрү, суу белгилери атайын рулондорго түшүрүлгөн соң, магниттик касиети бар кара боек берилери белгиленет. Боектор кургаган соң, атайын сканерден жана деффекттерди аныктоо этабынан өтөрү көрсөтүлөт. Эң акыркы этабында банкоталар  тиешелүү өлчөмдө  кесилет. Жогоруда айтылган форумда дал ошол акча кесүү учурунда айырмачылык болушу мүмкүндүгү айтылган. 

Эске салсак: Башкы банк үстүбүздөгү жылдын 10-майынан тарта 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы акчаларды жүгүртүүгө чыгарган. Жаңы сериядагы бакноттор улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган. Жаңы банкноттордо үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтери бар. Анда көзү азиз жана көрүүсү начар адамдар үчүн тактилдик белгилери болот. Ошондой эле акчалардагы Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарын чагылдыруу өзгөрүүсүз калды.

Жыйынтык: банкноталардын узундугу 1-2 мм айырмаланган учурлар башка өлкөлөрдө дагы кездешкен. Ал эми тасмада тараган 500 сомдук купюра тууралуу так маалымат берүү үчүн аны экспертизадан өткөрүү зарыл. 

Автор: Т-Медиа > 378 макала