БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Казакстанда өтөт

Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Казакстанда өтөт

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну

8-14-сентябрь күндөрү Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт. Казакстандын Спорт жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, мелдешке жүздөн ашык өлкөдөн 4000ге жакын спортчу катышат. Ал эми спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Анда негизинен ат чабыш, күрөштүн улуттук түрлөрү, салттуу интеллектуалдык оюндар, согуш өнөрү боюнча мелдештер, ок атуу, канаттуулар менен аңчылык, ат үстүндөгү мелдештер, элдик оюндар жана спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр бар.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи "Астана-Арена" стадионунда, ал эми жабылуу аземи 10 миң орундуу "Казанат" ат майданында өтөт. Мындан сырткары анын айланасына "Көчмөндөр ааламы" этно айылы түзүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. Андаң соң оюндарды өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл токтотулуп, 2022-жылы Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң кезек Казакстанга берилген.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей