БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Путин Орусияны 2030-жылга чейин башкаруусу мүмкүн

Путин Орусияны 2030-жылга чейин башкаруусу мүмкүн

Интернеттен алынды

Орусиянын президенти Владимир Путин 2024-жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого катышууну чечти. Андагы жеңиш ага 2030-жылга чейин бийликте калуу мүмкүндүгүн берет. Бул тууралуу Reuters агенттиги көз карандысыз алты булакка таянып кабарлады.

 

 

 

Маалыматка караганда Путиндин бул чечими Кремлдеги тар чөйрөгө белгилүү. Кеңешчилери учурда анын шайлоо өнөктүгүнө даярдыктарды көрө башташты.

 

Ишенимдүү булактардын айтымында, Путин Орусияны соңку ондогон жылдардагы эң кооптуу абалдан "өзүм гана чыгарып кете алам" деп эсептейт.

 

Бийликти 1999-жылы Борис Ельцинден өткөрүп алган Путин 7-октябрда 71 жашка толду. Reuters жазгандай, Путин үчүн шайлоо жөн гана формалдуулук. Эгер ал талапкерлигин койсо, маалымат каражаттарынын жана мамлекеттик институттардын колдоосу менен сөзсүз жеңет. Буга өлкөдөгү башкача ойлонгондордун, сөз эркиндигинин чектелиши да таасирин тийгизет.

 

Буга чейин "Медуза" басылмасы президенттик администрацияга жакын булактарына таянып, Кремль 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Владимир Путиндин "атаандаштары" кимдер болорун аныктаганын жазган. Анда биринчи кезекте ыктымал талапкерлердин жаш курагына көңүл бурулган.

 

Маалыматка караганда, алардын жаш курагы элүүгө чейин болсо, орусиялыктар 70 жаштагы Путин менен салыштырып, ойлорун кескин өзгөртүшү мүмкүн.

 

 Орусияда президенттик шайлоо 2024-жылы 17-мартта өтөт деп күтүлүүдө.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей