БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Вакцина аутизмди пайда кылабы?

Вакцина аутизмди пайда кылабы?

Жасалма интеллект тарткан сүрөт

"Балаңызды эмдетсеңиз аутизм оорусу пайда болот" деген маалыматты уккан болсоңуз керек. Чындыгында бул миф. Иммунологдун маалыматында, ал эл арасында тараган жаңылыш пикир. 

Ош облустук ооруканасынын иммунологу Гүлина Жусуп кызы мындай пикирлер эмнеден улам пайда болуп калганын мындайча түшүндүрдү.

"Аутизм оорусу генетикалык оору болуп эсептелет. Анын эмдөөгө эч кандай тиешеси жок. Негизи аутизм балада пайда болсо да анын белгилери көпкө чейин байкалбай жүрөт. Наристе бир жаштан өткөндөн кийин гана билине башташы мүмкүн. Бул учурда бала эмдөө дагы алат да. Анан айрымдарда эмдөөдөн улам, белгилер байкала баштады деген пикир пайда болуп калып жатат. Вакцина эч кандай аутизмге алып келбейт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөлөрүндө да тастыкталган". 

 

Алгач аутизм тууралуу маалымат кайдан тараган?

1998-жылы британиялык дарыгер Эндрю Уэйкфилддин The Lancet медициналык журналына MMR вакцинасы аутистикалык ооруларды пайда кылат деген изилдөөсү жарыяланган. Ошондон бери бул маалымат айтылып жүрөт. 

ММR  - кызамыкка каршы вакцина.

Бирок бул дарыгердин теориясы андан берки 25 жылда дүйнө жүзүндөгү окумуштуулардын биринин да изилдөөсүндө тастыкталган жок. 2010-жылы Уэйкфилддин дарыгер деген лицензиясы жокко чыгарылып, The Lancet журналы дагы макаланы өчүргөн. Ага авторлош болгон 10 окумуштуу жазылгандардан баш тарткан. 

 

 

Макаланы жарыялоого Уэйкфилддин кызыкчылыгы бар беле?

Биринчиден, дал ошол жылдары Уэйкфилд өзү да кызамыкка каршы вакцина чыгарганы жаткан. Башкача айтканда, бул макала ага чейинки вакцинаны каралайт эле. Экинчиден, Уэйкфилддин изилдөөсүнө 12 гана бала катышкан. Кийин журналисттер ал каармандар менен да жолугуп, 12 жарандын айткан маалыматтары дарыгердин изилдөөсүндө бурмаланганын аныкташкан. 

Андан бери бул теорияны бышыкташ үчүн жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн эң көөлөмдүүсү Данияда болду. Анда дээрлик 658 миң бала изилденип, вакцина аутизмге алып келбей турганы далилденген. 

 

Такталбаган фактылар кандай коркунуч жаратышы мүмкүн?

Кыргызстанда ушул жана башка жаңылыш түшүнүктөрдөн улам 2023-жылы 17 миң адам профилактикалык эмдөөдөн баш тарткан. Өткөн жылы өлкөдө 7 миңден ашык бала кызамык жуктуруп, тогузу каза болду. Дарыгерлер илдетти жуктургандардын 88%ы эмдөө албаганын кабарлашкан.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей