БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"7-чакырылышка кысым көп болду". Атазов депутаттардын мандат тапшырышы тууралуу кайрылуу жасады

"7-чакырылышка кысым көп болду". Атазов депутаттардын мандат тапшырышы тууралуу кайрылуу жасады

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов парламентке кысым көбөйгөнүн айтып кайрылуу жасады. Анын видеосу "Фейсбук" баракчасына жүктөлгөн. 

Атазов мандатын тапшырган кесиптештери 20га жетип калганын айтып, бул процесстер мыйзамсыз жүргүзүлүп жатканын белгилейт. 

"Кыргызстандын тарыхында 7-чакырылыштын депутаттарына болгондой кысым болгон эмес. Бул демократиянын өнүгүшүнө коркунуч туудурат. Маселе мандатты алып коюуда эмес. Добушту эл берген. Кийинки шайлоодо барсаң эл кайра добушун берет. Маселе мандатты алып коюудагы процедуралардын бузулуп жатканында. Мына мандатын алдыргандардын саны 20га жетип калды. Ушунун баарын карап отурган парламенттин төрагасы Шакиев мырза, (ред-Нурланбек Шакиев) "кайсы кылмышы үчүн алып жатасыздар? Кайсы мыйзамдар менен?" деп прокурор, соттон бир да сурап койбогону анын абийирине байланыштуу иш. Президентти, парламент депутаттарын эл шайлайт. Шайлаган элдин ишеними, аманаты кыямат күнү сурала турган маселе", -деген Атазов.

 

26-апрелде Шайлообек Атазов өзүнүн мандаты алынып жатканына байланыштуу Бишкек шаарынын Административдик сотунун жана Бишкек шаардык сотунун чечимдерин жокко чыгарууну үчүн Жогорку сотко кассациялык даттануу жолдогон. 

Ага чейин, 1-мартта Бишкектин административдик соту Атазовдун мандатын Абдурахман Муртазалиевге берүү тууралуу чечим чыгарган. Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

2022-жылдын 27-февралында Бишкектин Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өтүп, анда талапкер Абдурахман Муртазалиев озуп чыккан. Ал эми Шайлообек Атазов экинчи орунду алган. Бирок милиция Муртазалиевдин тарапташтары делген адамдарды добуш сатып алууга шектеп кармаган. Мындан улам Борбордук шайлоо комиссиясы Муртазалиевди депутаттыкка талапкерлердин катарынан чыгарып, Атазов мандат алган.

21-февралда Муртазалиевдин жактоочусу Таалайкүл Токтакунова БШКга кайрылып, Атазовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуп, мандатты Муртазалиевге берүүнү суранган. Анда ал буга чейин милиция добуш сатып алууга шектеп кармаган адамдардын Муртазалиев менен байланышы жок экени Свердлов райондук сотунда аныкталганын билдирген.

Депутаттардын мандатын алуу

Ушул күнгө чейин ар кандай жагдайда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын бир нече  депутаты мандатынан ажыратылды. Алар: Орозайым Нарматова, Жаныбек Абиров, Фарходбек Алимжанов, Фархат Исмаилов, Өмүрбек Бакиров, Эмил Жамгырчиев, Абдыбахаб Боронбаев, Искендер Матраимов, Нурлан Ражабалиев, Айбек ОсмоновАдахан МадумаровЖусупбек Коргонбай уулуМаксатбек Сарбагышев.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей