БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ыкчам иликтөө кызматкерине пара сунуштаган милиция кызматкери кармалды
Ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштап, аны берүү учурунда ИИМдин Ош шаарындагы батыш күзөт бөлүмүнун кызматкери кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
"2024-жылы 30-май күнү ички иликтөө кызматынын ыкчам кызматкеринин иш бөлмөсүнө келип, 7000 сом пара берип жаткан учурда милиция кызматкери Ош шаардык ИИБнын жана УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган кызматкер өз үстүнөн жүргүзүлүп жаткан иликтөөнү оң тарапка чечип берүүнү суранып, акча сунган."
Фактынын негизинде кызматкерге кылмыз жаза кодексининин 345-бенеси пара берүү менен иш козголуп, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда шаардык милиция тергөө иштерин жүргүзүп жатат.
Автор: Каныбек уулу Нургелди > 69 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat