БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыздын көбү Оштун мугалимдеринен түштү

Ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыздын көбү Оштун мугалимдеринен түштү

Сүрөт: "Билим берүү жана илим министрлиги""

Кыргызстан боюнча 325 мугалим ыктыярдуу түрдө аттестациядан өтүүгө арыз берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Анын ичинен 96 арыз Ош облусунан, Жалал-Абаддан 56, Ысык-Көл облусунан 43, 30у Нарындан, 29у Таластан, Баткен облусунан 26, 17си Чүй облусунан, Ош шаарынан 17 жана 11 арыз Бишкек шаарынан келип түштү.

"Аттестацияда мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу. Алар: экинчи квалификациялык категориядагы мугалим, биринчи квалификациялык категориядагы мугалим,жогорку квалификациялык категориядагы мугалим", -деп билдирди министрлик. 

Маалыматка караганда, аттестация ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Көз карандысыз аттестациянын жыйынтыгы категория ыйгаруу же ыйгарбоо маселесине гана тийиштүү. Мугалимдин ишинин башка аспектилерине таасир этпейт.

Аймактык билим берүү башкармалыктарына жана жалпы билим берүү уюмдарына ыктыярдуу аттестациядан өтүүгө арыздар декабрь айында жөнөтүлгөн. Акыркы расмий маалыматтарга караганда, өлкө боюнча 80 миңден ашуун мугалим бар.

Автор: Улукбек кызы Асем > 337 статей