БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна кошулду
Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна расмий кошулду. Бул тууралуу аталган уюм 31-октябрда маалымат таратты.
World Boxing уюмуна Кыргызстандан сырткары алты өлкө - Андорра, Бельгия, Ирак, Литва, Мадагаскар жана Тайланд мүчө болгон. Ошентип, бирикмеге кирген өлкөлөрдүн саны 51ге жеткен.
World Boxing уюму учурда өзү уюштурган алгачкы мелдешти өткөрүүдө. Ал АКШнын Колорадо штатында 19 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионаты. Кыргызстандан ага беш мушкер катышууда. Уюм 2025-жылы дагы бир катар чоң мелдештерди өткөрүүнү пландоодо.
Бул уюм 2023-жылы апрелде түзүлүп, башка өлкөлөрдү кошуп алууга умтулууда.
Автор: Осмонова Айдана > 730 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat