БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көл: селден жабыркаган үйлөргө мамлекеттен компенсация төлөнөт

Ысык-Көл: селден жабыркаган үйлөргө мамлекеттен компенсация төлөнөт

Сүрөт: Министрлер кабинетинин маалымат кызматы.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-августта Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарды көрүп чыкты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Жапаров Темир жана Садыр-Аке айыл аймагына барып, келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышкан. Жашоочулар менен жолугушууда селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен кенемте төлөнүп берилерин билдирди. Жапаров төлөмдөрдүн өлчөмү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле жергиликтүү калктын катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун белгилеген.

"Мындан тышкары ал зарыл болгон учурда бул айылдын балдары үчүн онлайн форматында билим берүү уюштурулуп, жергиликтүү тургундар үчүн жер салыгын жылдыруу каралганын айтты. Мындан тышкары кыймылсыз мүлктү камсыздандыруунун маанилүүлүгүн да белгиледи", -деп айтылат маалыматта.

Сел жүргөн жерлер менен таанышып чыккандан кийин Акылбек Жапаров өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөргөн. Анда мүмкүн болуучу кырсыктар боюнча эскертүү системаларын жакшыртууну, ошондой эле кырсыктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнү даярдоону тиешелүү органдарга тапшырды.

18-август саат 15:30 чамасында жааган жаандан кийин Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы Чоң-Кызыл-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, бир кашардын короосун суу каптаган. Саруу айылындагы Чийдүү-Колот коктусунан келген сел Жууку жолун каптап, кум-шагыл толуп калган. Жети-Өгүз, Ак-Суу, Ысык-Көл жана Тоң райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен бир катар жолдорду суу каптаган. 

21-августта Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суунун көлөмү көбөйгөнү себеп болгон. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган.

Автор: Т-Медиа > 354 статей