БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдө 32 жейрен багылууда. Сүрөт баян

Ысык-Көлдө 32 жейрен багылууда. Сүрөт баян

Сүрөт: t-media

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Туз көлгө жакын аймактагы атайын корукта учурда 32 баш жейрен багылууда. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун атайын гранттарынын негизинде сатып алынган. Тарыхый мекенине кайткан жаныбарлардын башын көбөйтүп, жаратылышка коё берүү максаты болууда. "Т-Медианын" кабарчысы жейрендерди жанынан көрүп, сүрөткө тартып келди. 

 

Ача туяктуулар түркүмүндөгү келбети келишимдүү бул жаныбар жейрен деп аталат. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын аймагында таптакыр жоголуп кеткен түр катары кызыл китепке киргизилген. 

Ысык-Көлдүн Тоң районундагы туз көлдүн аймагына жакын жердеги атайын корукта учурда 32 баш жейрен багылууда. Талапбек Акматов дал ушул жайда жейрендердин жемин камдап, камкордук кылат. 

Мындагы жейрендердин алгачкылары Өзбекстандан 2021-жылы, калганы былтыр "Аргали" фондунун демилгеси менен алынып келинген. Аталган фонд өлкөнүн био түрдүүлүгүн сактоо үчүн түзүлүп, БУУнун атайын гранттарына ээ болгон. 

Жаныбардын денеси кум сыяктуу боз түстө болуп, чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактарда жашайт. 19-кылымдын башында Нарын облусунан башка өлкөнүн бардык аймактарында кездешкен. 60-жылдары алардын саны кыскарып олтуруп, Баткен менен Ысык-Көлдө гана калган. Кийин мал чарбанын өнүгүшү, браконьерлердин аёсуз иштеринин натыйжасынан улам өлкөдөн дээрлик жок болуп кеткен. 

Долбоорго ылайык, мындагы жейрендердин саны жүзгө чамалап калганда алардын айрымдары жаратылышка коё берилип турат. Ал эми калганы кайрадан атайын багууда көбөйтүлүп, кийин да жаратылышка жайылтуу каралган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей