БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салган мыйзам доолборун бүгүнкү, 24-октябрдагы жыйынында биринчи окууда колдоп берди. 

Анда Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдерди (суу мотоцикли) колдонгону үчүн жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салуу сунушталган. Бул аракет кайталанса жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 20 миң сом айыпга жыгуу каралган. 

Мыйзамдын демилгечиси депутат Элдар Сулайманов. Эл өкүлү жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдө суу мотоцикли катышкан кырсыктар көп катталып, эс алуучулардын арасында адам өмүрү кыйылып жаткандыгын белгилеген. 

2023-жылы август айынын башында социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн үстүндө күйүүчү май калкып калган сүрөт тараган. Окуя коомчулукта кызуу талкууга алынган эле. Андан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кара майга тиешеси бар скутердин ээсин таап, 10 миң сом айыпка жыккан. 

Автор: Осмонова Айдана > 792 макала