БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталууда

Ысык-Көлдө гидроциклдерди колдонууга тыюу салуу сунушталууда

Интернеттен алынды

Мыйзам долбоорун депутат Элдар Сулайманов иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлду

Ага ылайык, Ысык-Көлдүн аймагында гидроциклдерди (суу мотоцикли) колдонгону үчүн жеке жактарга 5000 сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып салынат. Бул аракет кайталанса жеке жактарды 15 миң, юридикалык жактарды 20 миң сом айыпга жыгуу каралган. 

Элдар Сулаймановдун айтымында, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдө суу мотоцикли катышкан кырсыктар көп катталууда. Анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрү кыйылууда. 

"Суу мотоциклдери  (гидроцикл) көлдүн экологиясына дагы терс таасирин тийгизип жатат. Атап айтсак, күйүүчү майдын калдыктары көлдүн суусуна аралашып кеткен учурлар жок эмес. Гидроциклдер  көлдө узак убакыт жүргөндүктөн, андагы эс алуучуларга кооптуу абал жаратып келет", -дейт демилгечи. 

2023-жылы август айынын башында социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн үстүндө күйүүчү май калкып калган сүрөт тараган. Окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, интернет колдонуучулардын ачуусу келген. 

Андан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги кара майга тиешеси бар скутердин ээсин таап, 10 миң сом айыпка жыккан.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей