БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көл: 18 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу кармалган үч дарыгер үй камагына чыкты

Ысык-Көл: 18 жаштагы кыздын өлүмүнө байланыштуу кармалган үч дарыгер үй камагына чыкты

Иллюстративдик сүрөт

Ак-Суу райондук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун кармалган үч дарыгери соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу 9-февралда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Педиатр, реаниматолог жана ординатор Кылмыш-жаза кодексинин "Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу" беренеси менен кармалган.

Милициянын маалыматы боюнча, дарыгерлердин үстүнөн арыз 2023-жылдын июлунда Теплоключенка айылынын тургунунун 18 жаштагы кызы каза болгондон кийин түшкөн. Арызда 18 жаштагы кызынын ичи катуу ооруганынан улам 25-июлда Ак-Суу районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборуна алып келгени жазылган. Бирок врачтар бейтапты ооруканага жаткырбастан, дары жазып берүү менен чектелишкен. 

Эртеси кыздан абалы дагы начарлап, кайра ооруканага барышкан. Ал күнү кызды педиатр карап, дары жазып үйүнө жөнөткөн. Кыз кайра оорусу басылбай кайрылганда нөөмөттөгү реаниматолог карап, кайрадан үйүнө жөнөткөн. 28-июль күнү тынымсыз ооругандыктан Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылышып, инфекция бөлүмдүн дарыгер-ординатору кайрылган бейтапты карап, аталган бөлүмгө жаткырган. 29-июлда кыздын оорусу күчөп эсин жоготкон. Буга байланыштуу ал Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө которулган. 31-июлда бейтап республикалык улуттук госпиталга жеткирилип, 5-сентябрда каза болгон.

Экспертизанын корутундусу жабырлануучу тамак-аштан ууланып каза болгондугун көрсөткөн. Дарыгерлердин аракеттерине укуктук баа берүү үчүн комплекстүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, аны Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык соттук-медициналык экспертиза борбору жүргүзгөн. Жыйынтыгында ушул жылдын 7-февралында Ак-Суу райондук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан дарыгер-педиатр, анестезиолог-реаниматолог, жана врач-ординатор кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аксы районунда бир нече врач кармалып, изоляторго киргизилгенин Медиктерин көз карандысыз кошуунунун башчысы Бермет Барыктабасова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдаган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей