БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдө окуучулар шарты жок мектепте билим алып жатышат

Ысык-Көлдө окуучулар шарты жок мектепте билим алып жатышат

Сүрөт: Т-Медиа

Тоң районунун Дөң-Талаа айылындагы Иманалы Текеев атындагы мектептин чатырынан суу тамчылап, имараттын жылуулукту кармабай калган. Бул тууралуу мектеп директору Элнура Соодонбекова айтып берди.

 

Айтымында азыркы мектептин курулганына жарым кылымдан ашкан.Имараттын эскилиги жетип, билим алууга шарт калган эмес. Мындан улам  окуучулар бөлмөлөрдө кышкы күрмөсү менен олтуруп сабак өтүүгө аргасыз.

"Тамды көрдүңүздөр! Жаан жааган учурда шиферлерден суу өтөт. Ал жерин улам жаңылап, алмаштырабыз. Бирок андан кийин эле башка жеринен суу кирет. Бир бөлмөгө суу көп киргендиктен аны жаап салганбыз. Азыр ал бөлмөдө сабактар өтүлбөйт"-дейт мектеп директору Элнура Соодонбекова.

Имаратта шарттын жок болгондугуна байланыштуу жаңы имарат куруу зарылчылыгы жаралган. Мындан улам Дөң-Талаа айылына мектеп, спорт зал жана жылытуучу жай куруу иштери башталган. 2018-жылы спорт зал менен жылытуучу жай үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фонду тарабынан 13,5 миллион сомго тендер өткөрүлүп аны “Дом строй групп” курулуш компаниясы уткан. 2019-жылы мектеп куруу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 миллион сомго тендер өткөрүлгөн. Аны “Эрбол строй сервис” курулуш компаниясы утуп алган. Арадан 5 жыл өткөнү менен билим уясынын имараты дале бүтө элек. Эки курулуш компаниянын ээси Айгүл Салиева жакын арада имартты тапшырып берерин билдирген.

"Сметада кичинекей жылытуу батарейкалары жазылган. Бирок алар спорт залды жылыта албайт эле. Имараттын калган иштерин бүтүрүп, 5 күндө өткөрүп берем. Тепкичтерди жергиликтүү усталар куйган болчу. Бир аз туура эмес болуп калыптыр. Аны башкадан куюп жатышат."

Долбоорго ылайык мектеп 1-сентябрда, спорттук зал менен жылытуу жайы 1-октябрда колдонууга берилиши керек болчу. Спорттук зал менен жылытуучу жайдын курулуш иштерин көзөмөлдөй турган Ысык-Көл өнүктүрүү фонду “Дом строй групп” курулуш компаниясын сотко бергендигин айтты.

"1-октябрда толук бүтүрүп берем деп компания кепилдик кат бергшен болчу. Бирок белгиленген мөөнөттө бүткөн жок. Ошол каттын негизинде компанияны сотко бердик".

Иманалы Текеев атындагы билим уясы Дөң-Талаа айылындагы жалгыз мектеп. Мында 130дан ашуун окуучу билим алат.  Өлкө башчы Садыр Жапаров быйыл жыл аягына чейин 100 мектептин курулуш иштерин бүтүрүү боюнча тапшырма берген. Ал үчүн сарпталуучу каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Анда мектептердин курулуш иштерин ушул жылдын 31-декабрына чейин аяктоо талабы коюлган.

Материалдын видеосун бул жактан көрүңүз.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей