БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдө тоо лыжа базасын куруу долбоору сунушталды

Ысык-Көлдө тоо лыжа базасын куруу долбоору сунушталды

Сүрөт президенттин сайтынан алынды

Ысык-Көл облусундагы үч тоо чокусуна лыжа базасын куруу пландалып жатат.  29-апрелде президент Садыр Жапаров долбоордун талкуулоо үчүн франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан менен жолуккан. 

Президенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча, бул “Үч чоку” кластерин өнүктүрүү планы. Ал жерге жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассаларынан турган Борбор Азиядагы эң ири база куруу сунушталып жатат. Долбоор Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларын камтыйт. 

"Планга ылайык курорттор жылына он ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат. Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлүшү күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөт", - деп айтылган маалыматта. 

Биринчи этапта 60 км лыжа трассасы жана алты асма жол куруу пландалган. Бул иштер 2026-жылдын аягына чейин аяктап, ал үчүн 165 млн евро инвестиция тартуу керек. 

Президент бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди иликтөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырган.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей