БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен милиция кызматкери Бишкекке жеткирилди

Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен милиция кызматкери Бишкекке жеткирилди

Сүрөт интернеттен алынды

Ысык-Көлдө кызмат учурунда жол кырсыгына кабылган милициянын кайгуул кызматкери Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, 17-августтун кечинде билдирди.

Маалыматка караганда, ал Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкери болгон. Ысык-Көлгө туристтик сезонго байланыштуу убактылуу которулган. 

Кырсык 15-августта Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында жол тыгынын жөнгө салып жаткан маалда болгон. Аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. 

Кызматкердин жакындары Чолпон-Ата шаарында тиешелүү медициналык жабдуулар жок болгондуктан аны Бишкектеги ооруканага которууну суранып ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышкан

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей