БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ысык-Көлдө жырылуу коркунучундагы 100дөн ашык көл бар

Ысык-Көлдө жырылуу коркунучундагы 100дөн ашык көл бар

коллаж

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунда Зындан көлү жырылып, жакын аймактагы элге кооптулук жараткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, көлдө былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү көбөйгөн.

Министрликтин эсебине караганда Кыргызстанда 2000ден ашуун көл тоодо жайгашкан. Бүгүнкү күндө анын 370инде жырылуу коркунучу бар. Буга эмне себеп болууда? Алар кайсы акмактарда жайгашкан? Суроолорго ӨКМдин чукул кырдаалдарды болжолдоо жана мониторинг жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевден жооп алдык.

- Зындан көлү эмнеге жырылды?

Зындан көлү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда, тескей Ала-Тоодо 3770 метр бийиктикте жайгашкан. Стационардык эмес көл болуп эсептелинет. Жер астынан агып чыгуучу каналдары жабылып, суу топтолуп отуруп жырылууга алып келген.

- Кыргызстанда Зындан көлү сыяктуу кооптуулук жараткан канча көл бар?

Кыргызстандагы көлдөрдүн каталогу бар. Анда бийик тоолуу көлдөрдүн саны 2000ден ашат. Анын 370инде жырылуу коркунучу бар. Деңгээли ар кандай, кээ бириники жогору, башкаларыныкы анча кооптуу эмес.

- Кайсы аймакта көп?

Кооптулук жараткан көлдөрдүн 117си Ысык-Көл облусунда, Чүй өрөөнүндө - 102, Баткен облусунда – 34, Ош облусунда - 41, Талас облусунда - 27, Нарын облусунда – 21, Жалал-Абад облусунда - 26. Бирок айтып кеткендей ар биринин коркунуч деңгээли ар кандай, кээ бириники жогору, башкаларыныкы анча кооптуу эмес.

- Анын канчоосу калк жашаган аймакка кооптуу?

Кооптулукту аныктоодо, моделдөө иштеринен жана байкоо менен аныкталгандыктан, зоналар ар кандай факторлорго жараша эсептелет. Ошол себептен конуштардын так санын айтуу кыйын.

- Аларды алдын алса болобу? Кантип чаралар көрүлүп жатат?

Биздин департамент тарабынан байкоо иштерин жүргүзүп турабыз, кооптуулукту аныктайыз, анан жергиликтүү бийликке,  райондордук башкармалыктарга маалымат беребиз. Андан кийин  кырдаалга жараша чечимдер кабыл алынат. Кээде сифондор пайдаланылат, эвакуация иштери жүргүзүлөт, айтып кеткендей эле кырдаалга жараша.

- Буга чейин тоодо жайгашкан көл жырылып кетип, соңку окуядай коркунуч жараткан учур болгонбу?

Ооба, 2008-жылы ушул эле Зындан көлү жырылган. Тилекке каршы, анда адам өмүрү кыйылган. 1952 жылдан бери 70тен ашуун көлдөрдүн жырылышы катталган. 

- Сиздер тараптан кандай божомолдор бар? Алдыңкы жылдары көлдөрдүн ушундай коркунуч жараткан учурлары көбөйүшү мүмкүнбү? Эгер, көбөйүү божомолу болсо, элди ошол нерсеге кантип үйрөтүш керек болот? 

Тянь-Шань жаш тоо системасы болуп саналат. Ал үчүн жырылуу коркунучу бар көлдөрдүн пайда болушу анын өнүгүшүнүн ажырагыс фактору болуп саналат. Жылда жай мезгилинде биздин департамент тарабынан кыска мөөнөтүү божомол берилет. Андан тышкары кооптулук аныкталса алдын-ала маалымат айтылат. Жергиликтүү бийлик селден коргоочу курулуштарды курууну өнүктүрүү пландарына киргизүү зарыл. Кооптуу аймактарда жашаган адамдар коопсуздук стандарттарын сактоо үчүн, аларга жарандык коргоо боюнча окутууларды көбөйтүү зарылчылыгы бар.

Экологдор, тиешелүү ведомостволордун адистери жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшүн климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштырууда. Алардын пикиринде, жер шаарында абанын орточо температурасы улам жогорулап жатат. Муну мөңгүлөрдүн эришинен, көл сууларынын бууланып, азайып жатышынан байкоого болот. Айрым жайларда нымдуулук деңгээли жогорулап, жаан-чачындын мол болушуна да алып келүүдө, бирок тегиз жаабай жатат.

Дал ушул климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн дүйнө өлкөлөрү 2015-жылы Париж келишимин кабыл алышкан. Ага Кыргызстан да мүчө. Мамлекеттер глобалдык жылуулукту 2 °C ден төмөн же болбосо 1,5 °C чейин чектөөгө багытталган иштери жүргүзмөк болгон. Башкача айтканда, глобалдык жылууланууга себеп болуп жаткан көрүнүштөр, парник газдарын бөлүп жаткан учурларды айтышат. Климаттын өзгөрүшүнүн таасирине адаптация болууга аракеттерди жасайцт. Акыркы жолу Кыргызстан бул келишимдин негизинде өлкө 2030-жылга чейин бөлүнүп жаткан парник газдарын 16%, Эл аралык жардамдын негизинде 44% азайтмак болгон. 

"Бул макала "МувГрин" коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан "Кыргызстанда жана Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия регионунда климатты коргоого берилгендик" долбоорунун алкагында даярдалды. Материалдын мазмуну үчүн "Т-Медиа" жооптуу. Анда айтылган пикирлер "МувГрин" коомдук бирикменин көз карашын чагылдырбашы мүмкүн".

Автор: Анарбаева Наргиза > 173 макала