БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көл: Жети-Өгүздөгү мөңгүгө араб лидеринин ысымы ыйгарылды

Ысык-Көл: Жети-Өгүздөгү мөңгүгө араб лидеринин ысымы ыйгарылды

Сүрөт: "Говори тв"

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө араб лидери Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы берилди. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 10-ноябрда президенттин маалымат кызматы билдирди. 


 

Аталган мыйзам ушул жылдын 5-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө "Король Абдулазиз" географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралып, парламент экинчи окууда кабыл алып берген. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей