БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ысык-Көлдөгү сел жүргөн Темир айылы көчүрүлөт

Ысык-Көлдөгү сел жүргөн Темир айылы көчүрүлөт

Сүрөт: ӨКМ

Министрлер кабинети быйыл августта селден жабыркаган Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылын көчүрүү чечимин кабыл алды. 

"Чечим селден жабыркаган Темир айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыздоо жана жашоо-шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган. Анда жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүү, керектүү жардам жана колдоо көрсөтүү каралган", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн 27-сентябрда кабыл алынган чечиминде темирликтер кайсы аймакка көчүрүлөрү айтылган эмес.

18-августта Ысык-Көлдүн Темир, Кашат, Бостери, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарындагы турак үйлөрдү суу каптап, айрымдары жараксыз абалга келген. 

25-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Темир жана Садыр-Аке айыл аймагына барып, келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышкан. Жашоочулар менен жолугушууда селден жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен кенемте төлөнүп берилерин билдирди. Жапаров төлөмдөрдүн өлчөмү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн, ошондой эле элдин катышуусу менен түзүлгөн комиссиянын чечимине жараша болорун белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, селдин көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 86%га өскөн. Өлкөдө быйыл 20-апрелден 1-июлга чейин 200дөн ашык сел катталып, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашкан. Соңку айларда суу ташкындан 19 адамдын өмүрү кыйылды. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 116 статей