БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ысык-Көлдөгү «Золотые пески» эс алуучу жайы оңдоп-түзөөдөн өтөт
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" борбордук жээги капиталдык ондоп-түзөөдөн өтүп, заманбап эс алуучу жай курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги билдирди.
Мындай чечим мамкурулуштун директорунун орун басары Бакай Турдугуловдун Бостери айылына 10-ноябрда болгон сапарында белгилүү болгон.
"Долбоорду ишке ашыра турган "Кыргыз курулуш" мамлекеттик ишканасы объект менен жеринен таанышты. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 10 күндүн ичинде курулуш иштерин баштоо чечими кабыл алынды"- деп айтылат мамкурулуштун маалыматында.
Маалыматка караганда, курулуш үчүн жалпы 35 миллион сом каражат сарпталат.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat