БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Жаза аткаруу кызматы Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Жаза аткаруу кызматы Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты

Интернеттен алынды

Жаза аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы Арстан Абдылдаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди. 

Абакировдун маалыматы боюнча, Абдылдаевдин абактагы өлүмүндө кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес. Ал эми коомдук ишмердин жакындары ага каршы козголгон кылмыш ишин сотко өткөрүп берүүнү талап кылышарын жазды. 

11-январда Башкы прокуратура Арстан Алайдын өлүмүнө байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат адамынын өз милдеттерин жеңил ойлуулуктан же талаптагыдай эмес аткаруусу, этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун" беренеси менен иш ачылганын билдирген. 

Арстан Алай 5-январда Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 дарылоо мекемесинде каза болгон. Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча, ал психотикалык дартына байланыштуу былтыр 28-декабрда Бишкектеги №1 тергөө абагынан №31 мекемеге этап менен которулган. 5-январда түзөтүү мекемесинин ашканасынан асылган абалда табылган.

16-декабрда Бишкектин Октябрь райондук соту Арстан Алайды 15-январга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Арстан Алай "диний кастыкты козуткан" деген шек менен кармалганын 2023-жылы 15-декабрда билдирген. Ага "социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган" деген айып коюлган.

Маркумдун жакындары анын өлүмүнүн тыкыр иликтенишин талап кылышкан.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей