БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ызы-чуу салгандарга айып пул салуу сунушталууда

Ызы-чуу салгандарга айып пул салуу сунушталууда

Сүрөт: Дастан Бекешевдин соцтармагынан алынды

Кошунасына тынчтык бербей, ызы-чуу салгандар айыпка жыгылат. Мындай мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев сунуштап, 5-декабрада коомдук талкууга койду. 

Мыйзам долбоору үн басымынын жана ызы-чуунун жол берилген чектен ашкан зыяндуу таасиринен жарандардын ден соолугун коргоо максатында иштелип чыккан. 

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорго ылайык ызы-чуу салган жеке жактарга эки миң сом  юридикалык тараптарга 10 миң сом айып салынат. Анда дагы токтобосо 10 жана 28 миң сомдук айыпка жыгылышат.

Бекешев коомдук жайларда унчукпай туруу эрежелерин бузуу жеке адамдарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом өлчөмүндө айып салуу менен жазаланарын эске салып,бирок натыйжа бербей жатканын билдирген. 

Ал унчуккандарды жоопко тартуу мүмкүн болбогон учурларды жазган. 

  1. Үн басымын жана ызы-чуунун деңгээлин контролдоочу орган болуп санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти саналат, анын кызматкерлерине 8 сааттык иш графигинин ченемдери, б.а. , бөлүм негизинен күндүзү иштейт. Кадрдык жана финансылык ресурстардын жетишсиздигинен жарандардын көптөгөн даттанууларына департамент жалгыз жооп бере албайт;
  2. Ызы-чууну жана үн басымын өлчөөчү приборлор көптөн бери жаңыртыла элек жана сатылып алынган эмес. Башкармалыктын көптөгөн аймактык бөлүмдөрүндө ызы-чууну өлчөөчү приборлор таптакыр жок;

  3 .Үчүнчүдөн, коомдук тартипти бузгандарды жоопкерчиликке тартууга  департамент кызматкерлеринин ыйгарым укуктары жетишсиз

Мындан сырткары эл өкүлү аларды көзөмөлдөө укугун ИИМге өткөрүп берүүнү демилгеледи.

Автор: Осмонова Айдана > 587 статей