БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

“Өз алдынча дарыланбагыла”. Министр Бейшеналиев жарандарга кайрылды

“Өз алдынча дарыланбагыла”. Министр Бейшеналиев жарандарга кайрылды

Сүрөт интернеттен алынды

Курч респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ), сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын сезондук өсүшүнө байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жарандарга кайрылуу жасады. Министрдин билдирүүсү мекеменин сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө ал дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, мурундун агышы же алсыздык аталган оорулардын биринчи белгилери экени белгиленген. Мындан улам жарандарды өз алдынча дарыланбоо жана квалификациялуу медициналык жардам алуу үчүн дароо Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу сунушу айтылган.

Бейшеналиев республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп, дем алыш күндөрү нөөмөттөр уюштурулганын да белгиледи.

"Республикада КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө", – деп айтылат билдирүүдө.

Министр ошондой эле сасык тумоонун жана башка жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн үйлөрдү үзгүлтүксүз желдетип, колду самын менен жууну эскертти . Ошондой эле эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүүнү, туура тамактанууну жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөө керектигин да айткан.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала