БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Zagreb Open: Айпери Медет кызы да алтын медаль алды

Zagreb Open: Айпери Медет кызы да алтын медаль алды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешинде алтын медалга ээ болду. 76 килограмм салмак ченинде ал финалда Кытайдан келген балбан кыз Хуан Ваны 2:1 эсебинде жеңди. Турнир 14-январда Хорватиянын Загреб шаарында өттү.

Ага чейин балбан кыз орусиялык Рита Талисманованы, андан кийин канадалык Жюстин Ди Стасиону уткан. Чейрек финалда Токиодогу Олимп оюндарынын күмүш медалынын ээси Аделина Грейди 10:0 эсеби менен жеңди. Жарым финалда франциялык Полин Лекарпент менен күрөшүп, аны 5:0 эсеби менен утуп, финалга чыккан.

Zagreb Open рейтингдик турниринде буга чейин кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дагы алтын медаль уткан.

Автор: Т-Медиа > 353 статей