БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Залкарбек Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалды

Залкарбек Каримов Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалды

Залкарбек Каримов

Ош облустуна караштуу Өзгөн шаарынын мэрлик кызматына Залкарбек Каримов дайындалды. Тиешелүү буйрука 18-декабрда Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов кол койгон. 

40 жаштагы Залкарбек Каримов Алай районуна караштуу Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2012-2016-жылга чейин Будалык айылдык кеңешинин депутаты болгон. 2016-2021-жылдары ошол эле айыл өкмөттүн башчысы болуп эмгектенген. 2021-2023-жылга чейин Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган. 2023-жылдын 17-октябрынан бери Өзгөн мамлекеттик администрациянын экономика, өндүрүш жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Өзгөн шаарынын мурдагы мэри Дамир Моңголдоровду атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Моңолдоров жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген деп айыпталууда. 

Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей