БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Зардалыга бир тилке жол салынат

Зардалыга бир тилке жол салынат

Сүрөт интернеттен алынды

Баткендин алыскы Зардалы айылына жол салынат. Анын долбоору жасалып башталганын президент Садыр Жапаров социалдык баракчасына жазды. 

Жолдун курулушу 2025-жылдын бюджетине киргизилип, жазында башталаары пландалган. 

"Бирок тилекке каршы бир тилкелүү эле жол болот. Эки тилке кылууга мүмкүн эмес, аскалуу жерлери бар экен. Кулап кетүү коркунучу бар. Жол кыймылындагы коопсуздук үчүн бир тилкелүү жолдун ар кайсыл жерине каршы келе жаткан унааны өткөрүп жиберүү үчүн “чөнтөкчөлөр” жасалат. Азырынча “Жоктон көрө жогору дегендей” бир тилкелүү жол салып туралы" - деген президент. 

Зардалы Баткендин борборунан 130 чакырым алыс, жолу катаал айыл. Аймакта кыш узак болот, жарык жеткирилген эмес.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей