БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Зардалыга электр жарыгы берилди
Баткендин эн алыскы айылы Зардалыга электр энергиясы берилди. Энергетика министрлиги билдиргендей, 56 үйгө, эки мечит, бир фельдшердик-акушердик пункт жана бир мектеп күн батареялары аркылуу электр энергиясы менен камсыздалган.
Министрликтин маалыматына караганда, ар бир үйгө жана мамлекеттик имаратка минималдуу кубаттуулугу 306 кВт болгон 61 күн батареялары, көчөлөргө 600 Вт батареясы менен 75 прожектор орнотулган. Долбоорду ALL SOLAR ишканасы 33,5 млн сомго ишке ашырган.
Буга чейин айылда электр жарыгы болгон эмес.
Эске салсак, 29-сентябрда президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Зардалы айылына барып эл менен жолугушкан. Анда тургундар уюлдук байланыш маселесин чечип берүүнү айтышкан. Өлкө башчы алдыда айылга баруучу жол салына баштаарын, электр энергиясы менен камсыз болорун айткан.
Октябрда мамлекеттик "Мега" компаниясы айылга уюлдук байланышын жеткирген.
Зардалы Баткендин борборунан 130 чакырым алыстыкта, жолу катаал айыл.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat