БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Барак эксклавынан 98 үй-бүлө Кара-Сууга көчүрүлдү

Барак эксклавынан 98 үй-бүлө Кара-Сууга көчүрүлдү

Сүрөт: Т-медиа

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавында калган 98 кыргыз үй-бүлөнүн үйлөрү буздурулуп, миңе чукул жаран Ош облусунун Кара-Суу районуна көчүрүлүп келинди.

Алардын бири, Барак айылында төрөлүп-өскөн Жумабек Иминжанов жаңы үйүн бузуп, 14-апрелде үй-бүлөсү менен көчүп келген. Мал-жандыгын сатып келген жаран учурда Кара-Суу шаарынан ижарага батир алып жашап жатат. Ал туулган айылын, тамын бузуп таштап келүү оор болгонун билдирди.

"Эски тамды бузуп, атам менен апамы "Силер кирсеңер кичине маанайыңар бузулат" деп киргизбей койдум. Келинчегим экөөбүз буздук. Кийин атам кирип ыйлап жиберди. Кечээ чыгып келе жатканда көз жаш алдык баарыбыз. Эксклавда калып калганы эле болбосо мен көп нерсеге алмашпайт элем. Кайгырыштын деле кереги жок. Жакшы тарапка чечилип бүттү буйруса".

Көчүп келген жарандардын айрымдары туугандарынын үйлөрүнө жайгашса, көпчүлүгү ижарада жашап жатат. Бийлик 98 үй-бүлөгө 31-августка чейин үй куруп бермей болууда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев айылдын башкы планы жасалып, курулуш иштери башталуу алдында турганын айтты.

"208 гектар жер бул Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жанында болот. Бул мурда Өзбекстанга караган жер болчу. Ушу 208 гектар жерди Өзбекстан бизге жакын, шарттуу жерден бөлүп берди. 15-апрелге чейин барактыктарды көчүрүп чыгабыз. Бүгүнкү күндө эки тарап тең өзүнүн убадаларын аткарып болду. Башкы план жасалды. Куруу иштери башталганы турат".

Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен 2022-жылы чек ара тилкелерин тактап, делимитация жана демаркация иштерин жүргүзүүдө Барак эксклавын алмашкан. Анжиян облусунун Коргон-Төбө айылында жагашкан бул айыл 208 гектарды ээлеп турчу. Аталган жай Өзбекстандын аймагында калып, кыргыз бийлиги Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл аймагынан 208 гектар жер алган.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей