БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ош: Өзбекстандан сатылып алынган автобустар Ноорузга чейин келет
Өзбекстандан Ош шаарына 21-мартка чейин жүз автобус келет. Алгачкы партиясы 16-мартта жеткирилгенин мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Автобустардын ар бири 89 миң 500 долларга бааланып, 25 орунга ылайыкташкан.
Мэриядан кабарлашкандай, автобустар Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун эсебинен беш жылдык мөөнөткө лизинг менен алынып жатат. Алар "СамАвто" заводунан алынып келинүүдө.
Автобустарды сатып алууга Ош шаардык кеңеши 2023-жылдын 28-декабрдагы сессиясында макулдук берген. Бирок айрым депутаттар коомдук транспорттор дизель майы менен жүргөндүктөн абаны булгайт деген пикирин айткан.
Буга чейин дагы 2022-жылы Ош мэриясы өзбекстандык "СамАвто" автозаводунан элүү автобус сатып алган. Алардын баасы 37 миң доллардан бааланган. Бирок кийин көп өтпөй сапаты жакшы делген автобустардын сегизи бузулуп, өндөп-түзөөгө муктаж экени кабарланган.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat