БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Өзгөчө кырдаал баштыгында эмнелер болуш керек?

Өзгөчө кырдаал баштыгында эмнелер болуш керек?

Иллюстративдик сүрөт

23-январга караган түнү Кыргызстандын аймактарында 3 баллдан 6 баллга чейин жер титиреди. Мындай учурда сиз өзүңүз менен алып жүргөн буюмдар салынган баштыкты алып, дароо үйдөн чыгып кетиңиш зарыл. Ага эмнелерди салыш керектигин билесизби?

Өзгөчө кырдаалга даярдалган баштык караңгыда көзгө көрүнө тургандай ачык түстө болушу керек. Аны ар дайым үйдүн кире беришинде, алып чыкканга ыңгайлуу жерге койгон оң. Баштыкта төмөнкү буюмдар болушу керек:

Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

Эгерде жер титирөө учурунда үйдүн ичинде болсоңуз бөлмөдөгү бурч, столдун асты, дубалдардын бириккен жери сыяктуу эң коопсуз жерди табыңыз. Эч убакта терезеден секирбеңиз. Жер титирөө, өрт учурунда лифт колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүңүз. Ошондой эле үзүлгөн электр чубалгыларынан оолак болуңуз. 

Эгерде жер титиреп жатканда сыртта болсоңуз, кыйрап калуу коркунучу бар курулуштардан, имараттардан, мамычалардын жана дарактардан алыс болуңуз. Урандылардан жаракат албаш үчүн ачык жерге баруу зарыл.

Зилзаланын болорун алдын-ала божомолдоо мүмкүн эмес. Бирок жер силкинер алдында бош турган нерселер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Ушул белгилерди байкасаңыз дароо керектүү буюмдарды алып, коопсуз жерге чыгып кетүү зарыл.

Автор: Осмонова Айдана > 698 макала