БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөн: борбордук базардагы 87 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Өзгөн: борбордук базардагы 87 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Сүрөт: Башкы прокуратуранын сайтынан алынды

Өзгөн шаарынын борбордук базарынын дээрлик 11 миң чарчы метрди түзгөн жери жеке жактарга 87 млн сомго мыйзымсыз сатылып кеткени аныкталды. Учурда аталган жер тилке мэриянын балансына өткөрүлүп берилгенин 19-октябрда Башкы прокуратурадан билдиришти. 


 

“Прокуратура тарабынан жогоруда аталган жер тилкесинин сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыз келтирилип, толук канааттандырылды. Жыйынтыгында Өзгөн шаардык мэриясынын балансына алынып, мамлекеттик каттоо органы тарабынан тийиштүү мамлекеттик акты берилди”, -деп билдирди башкы көзөмөл органы.

Өзгөн шаардык мэриясынын өкүлү Манас Койчукуловдун “Т-Медиага” билдиришинче, жеке колго өтүп кеткен жер тилке мурун өрт өчүрүүчү унаалар кирген негизги жол болгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей