БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөн: самсадан келемиштин заңы чыкты делген тамактануучу жай убактылуу жабылды

Өзгөн: самсадан келемиштин заңы чыкты делген тамактануучу жай убактылуу жабылды

Сүрөт: Т-Медиа

Социалдык тармактарда Өзгөн шаарынын борборундагы самсаканага нааразылыгын билдирген видео тарап жатат. Анда жарандар самсанын ичинен келемиштин заңы чыкканын айтып жатканын угууга болот.

"Самсанын ичинен келемиштин богу чыкты. Эмне мына? Ушинтип жасап сатасыңарбы? Каерде жасайсыңар? Ушунча адамга тамак берип атасыңар. Карап сатпайсыңарбы? Ушинтип жасап канча адамга берип жатасың?"

Видеодо самсакана кызматкерлери кечирим сурап, акчасын кайрып берүүгө аракет кылган.

"Бизден өтүп калды. Кечирип коюң. Акчаңызды кайтарып беребиз. Жумушта болуп турат экенда эже. Үйдө деле болуп калат го."

Нааразы жаран Өзгөн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна арыз менен кайрыларын айткан. Аталган кызматка арыз түшүп, текшерүү жүргөн. Анын натыйжасында самсакана 1 жумага жабылганы айтылды.

"Видеодогу эже ал жерден 1 жума мурун самса алган экен. Анан ал заң чын эле самсадан чыктыбы же жокпу билбейбиз. Бизге түшкөн арыздын негизизинде текшердик. Акты жазылып, ремонт иштерин жүргүзүү үчүн бир жумага жаптык"-дейт Өзгөн райондук санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкери Гүлзия Тайчапарова.

Санитардык-эпидемиологиялык борбору ушул эле самсакана 2023-жылдын май айында дагы текшерүүгө алынып, 7500 сом айып салынганын маалымдады.

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей