БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калтырылды

Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөрүүсүз калтырылды

Сүрөт: "Т-Медиа"

Өзгөндүн мэри Дамир Моңолдоровдун бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу "Т-Медиага" анын жактоочусу Жылдыз Кадырова билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 29-ноябрда Ош облустук соту Ош шаардык сотунун Дамир Моңолдоровду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. 

 

"Тергөөгөдө судьялар Моңолдоровдун уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин далилдеген бир да далил көрсөтүшкөн жок. Негизи бизде азыр  мыйзам такыр иштебей жатат. Судьялар көп нерсеге көздөрүн жумуп коюуда. Биздин божомолдорубуз боюнча бул атайын буйрутма. Анын кызмат ордуна бирөөлөр кызыгып жатат. Эми бул канча пайыз чын билбейм. Бирок шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт да" ,-дейт жактоочусу. 

Эске салссак: Ош шаардык соту Дамир Моңолдоровдун баш коргоо чарасын 14-ноябрда карап, 9-декабрга чейин камакта калтырган. 

УКМК Өзгөн шаарынын мэри атайын операция маалында өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар деген шек менен кармалганын 15-ноябрда кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, Дамир Моңолдоров жеке кызыкчылыгындагы максаттарына жетүү үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн системалуу түрдө пайдаланып, өзүнө жакпаган адамдарды коркутуп келген деп айыпталууда. 

Дамир Моңолдоров Өзгөн шаарынын мэри болуп 2022-жылдын май айында дайындалган. 

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей