БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Өзгөндө «Кекилик-Учар» бейит мемориалдык комплекси ачылды
11-ноябрда Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь аймагынын Эски-Покровка айылында "Кекилик-Учар бейити" мемориалдык комплекси ачылды. Аталган жер 1920-1953-жылдары массалык түрдө курман болгондордун жаркын элесине арналып, эскерип туруу үчүн курулду.
Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, комплекстин курулушу демөөрчүлөр тарабынан каржыланган. Ал эми тазалоо, айланасын көрктөндүрүү, корукка алуу жана жолду асфальттоо иштери жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Аталган жердин ачылышына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрөгасы Камчыбек Ташиев жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев катышты.
Былтыр иликтөөчү журналист Али Токтакунов жетектеген "МедиаХаб" редакциясы Өзгөн районундагы Куршаб айылында сталиндик жалпы көрүстөндүн орду табылгандыгы жөнүндө материал жарыялаган. Анда 1930-жылдардагы репрессиядан жапырт көмүлгөн жай катары Бишкектин четиндеги Ата-Бейиттен калган курмандыктардын калгандары тууралуу баяндалган.
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat